Menu

Кыргыз бийлиги Израилден үлгү алса…

Бөлүшүү:

“Кыргыз жери сопсонун, кыйласынан Ош сонун” демекчи, өзүбүзгө байкалбаган менен керемет тоолорубуз менен  нукура жашоонун казаны кайнаган айылдарыбыздагы турмушту өз көзү менен көрүү үчүн келген чет элдик туристтер көп. Ошолордун бири, Израилдин Сары-Челекте эс алып, кыдырып жүргөн Хилла Ливнен аттуу кызы ушул жумада жер жуткандай эле изи билинбей жоголуп кетти. Аны азыр ӨКМдин 60тан ашык атайын даярдыктагы кызматкерлери ит менен издеп атышат. Көрсө, израилдик туристтер төртөө корукка чыгып, бирөөнүн буту чыгып кетип, экөө аны менен алагды болуп калганда, төртүнчү кыз адашып кеткен экен. Ошол эле учурда Израилдин Казакстандагы элчисинин орун басары, Алматыдагы консул Ариэл Браверман өз өлкөсүнүн жаранын издөө иштерине тик учак тартуу өтүнүчү менен чет элдик дипломаттарга жана Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн атташесине кайрылып, алыскы немистердин өлкөсүнөн тик учак да учуп келгендиги белгилүү болду. Анткени биздин бир да күч министрликтеринде тик учак жок эмеспи. Албетте, биз жоголгон кыздын табылып калышын каалайбыз. Бирок ушундай учурда айласыздан чет жактарда, өзгөчө Россияда көрбөгөн азапты башынан өткөрүп, скинхед сыяктуу улутчулдардын колунан күнөөсү жок туруп ажал тапкан мигрант мекендештерибиз эске түшөт экен. Ушундай башка кыйын иш түшкөндө мамлекеттин кубаты, өз жарандарына жасаган мамилеси, адамдын кадыры билинет турбайбы.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: