Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасына билдирүү жазып, коомчулуктан жардам сураган. Үйүнө 4 жолу кирген уурулар кымбат буюмдарынаң тарта сейфин талкалап жеке менчик ок атуучу куралына чейин алып кетишкенге үлгүргөн. «Айттырбай келген коноктордун» алдын алуу аракетинде үйүнө атайы видео камера орнотуп акыркы келген колу туткак жигитти тасмага түшүрүп калууга чейин үлгүргөн Айбек мырза учурда күч органдары менен бирге уурунун изин иликтеп жатканын маалымдап, кимде ким кылмышкерди табышканга жардам берсе 200доллар сүйүнчү ыйгарып, анонимдүүлүктү жүз пайыз жашыраарына кепилдик берээрин кошумчалаган.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ