Menu

Жамалбек Ырсалиев, коомдук ишмер: “Раим Матраимов миллиондоп акча ташыйт экен, “Азаттык” ачыктап салды деп жаткан акчаны мен билем, аны мурун дунгандар ташыганда эч ким унчукчу эмес”

Бөлүшүү:

Кечээ депутаттарды жана Раим миллионду мактаганымдан кийин жеке куржунума кат жазып, же мени кошоматчы, Арзымат кылып жаткан бир туугандарым үчүн колумдан келишинче түшүндүрүп бергенге аракет кылайын.

Раим Матраимов кыйын кырдаалда элге көп жардам берип жатат. Агасы Искендер Матраимов менен бирге баардык облуска жардам колун сунду. Шайлоого чейин ким бар ким жок аны Кудай билет. Маселе, азыркы кыйын учурда жардам берип жатканында. Эртең шайлоо болот деп эл агитация баштаганда эмне болуп кетти. Өзүбүз күбө болуп отурабыз. Кандидаттар кайда кеткени белгисиз, шайлоо жылып, өзүбүз үйдөн чыкпай отурабыз.

Раим Матраимов – эки күндөн бери мени сөктүрүп жаткан негизги каарман. Арзымат атка да кондурду. Ушул кишини көрө элекмин. Бирок, элдин баары миллиондоп акча ташыйт экен. “Азаттык” ачыктап салды деп жаткан акчаны мен билем. Биз Кытайга жаңы каттап жүргөн 1997-жылдан бери көрүп келе жатам. Ал убакта жалаң дуңгандар ташычу. Чаар баштыка салынган толтура долларлар аэропорттон жаны жок жүргүнчү болуп, Үрүмчү шаарындагы Бинжан деген атактуу базардын жанындагы эски Бинжан анан Жаңы Бинжан деген мейманканалардын ичине барат эле. Ошол кезде Кытайга тилдери окшош болгон үчүн инкассатордун баары дунгандар болчу. Аларды акча ташыйт экен, кокуй акчанын баары сыртка кетти деп эч ким казган эмес. Анан кыргыздар ташыганда чукуп чыкпасак болбой калбайбы. Башка улуттар ташыса булар кыйын. Иштин көзүн билишет. Акча жасаганды билет, булар кыйын деп шыпшынып отура бермекпиз. Кыргыз качан оңолобуз?…

Жамалбек Ырсалиев

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: