Menu

«Аялдардын коомдогу жана Исламдагы орду» аталышындагы семинар жогорку деңгээлде өттү

Бөлүшүү:

21-сентябрда Бишкек шаарындагы Достук мейманканасынын жыйындар залында «Аялдардын коомдогу жана Исламдагы орду» аттуу семинар өтүп, ага медицина, мугалимдер, бала бакчалардын тарбиячылары, социалдык тармактын адистери катышышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш чаранын алкагында   КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов эгемендүүлүктүн келиши, дин эркиндигинин берилиши менен кээ бир жарандар дин эркиндигин туура эмес кабыл алып, ар кандай терс, радикалдуу агымдарга кирип кетип жаткандары бар экендигин айтып өттү.

«Биз адам укуктарын сактоо, Кыргызстанда дин эркиндигине кепилдик берүү менен биринчи кезекте жарандарыбыздын бейпилдигин, ынтымагын, элдин биримдигин чыңдоо биринчи милдетибиз»,-деди Зайырбек Эргешов.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ислам дининде аял затынын орду чоң экендигин баса белгилеп, облус аймагындагы казыяттарда атайын аялдар менен иштөө борборлору ачылгандыгын маалымдады.

«Пайгамбарыбыз (САВ) өзүнүн куттуу хатистеринде силердин эң жакшыңар аялдарыңарга жана үй-бүлөңөргө жакшы мамиле кылганыңар деп айтат. Үй-бүлөнү курууда, сактоодо аял затынын орду чоң»,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Муну менен катар Азирети Муфтий Ислам дининде экстремизм, радикализм деген жок экендигин айтып, Ислам тынчтыкытын дини экендигин баса белгиледи.

«Эгерде биз Ислам динин туура түшүнсөк, туура кармансак терроризм деген жок. Мунун бардыгы туура түшүнбөгөндүктөн болууда»,-деди Максатбек ажы Токтомушев.

Достук мейманканасында өткөн семинарга КРнын Президенттик Аппратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажыматов, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов жана “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков катышты.

Семинар 2014-жылдын 7-февралында  “Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешинин Диний чөйрөдөгү  мамлекеттик саясатын ишке ашыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин  Жарлыгына ылайык коомдогу түрдүү коркунучтардын (радикал-экстремисттик идея, топтордун жайылышын) алдын алуу максатында өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: