Menu

Студенттер күнүндө массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн “Асанбай” борборуна 13 миң сом айып салынды

Бөлүшүү:

18-ноябрга караган түнү “Асанбай” борборунда карантиндик режимди бузуу фактылары аныкталды. Аталган мекеме Студенттер күнүнө карата 600дөн ашуун адамга арналган массалык иш-чара өткөрдү.

Бул Октябрь акимиатынын, Ички иштер башкармалыгынын, Санитардык-экологиялык инспекциясынын жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлеринен турган мобилдик топтун рейди учурунда белгилүү болду. Топ мекемелердин санитардык нормаларга шайкештигин текшерди.

“Асанбай” борборунун жетекчилерине карата Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлү Чынара Кабылованын айтымында, ээси юридикалык жак болгондуктан, айып пулдун суммасы 13 миң сомду түзгөн. “Эгерде мыйзам бузуулар кайталана турган болсо, анда дагы протокол түзүлөт, андан кийин кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарды Ички иштер башкармалыгына өткөрүп беребиз” – деди ал.

Ошондой эле, түн ортосунда элди мекемеден алып чыгышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: