Menu

Жеңишбек Жоробеков, комендант: “Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайдагы эки адам коронавирус жуктуруп алды деген маалымат жалган”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн маалымат жыйында жарандардан келген суроолорго жооп берди.

Анда “Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайда эки адамдан коронавируска шектелип анализ алынды деген маалымат тарап жатат. Ошол боюнча так маалымат бере кетсеңиз”,- деген суроо келген.

“Өзгөчө абал кирген соң, бир топ мамлекеттик кызматкерлердин анын арасында укук коргоо жана жаза аткаруу кызматтарынын иш тартиби өзгөргөн. Ошол сыяктуу өзүңүздөргө маалым болгондой тергөө амалы жүрүүдө, шектүү катары кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайларда турат. Соттун чечими чыккан соң кылмышкер катары бул жарандар жаза аткаруу мекемелерине жеткирилүүсү абзел. Бирок акыркы мезгилде илдетке байланыштуу убактылуу кармоочу жайлардагы жарандарды биринчи медициналык текшерүүдөн өткөрүп андан кийин жаза аткаруу мекемелерине жеткирүүгө тийишпиз. Ошондуктан убактылуу кармоочу жайда 17-апрелде 9 жарандан тест алынган. Алардын арасынан эки жарандын тесттеринин жыйыттыгы толук чыккан эмес. Ошол учурда тилекке каршы кээбир жарандар социалдык тармактарга Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайда эки жаран коронавирус илдети менен ооруп жатат деген маалыматтарды чыгарып салышкан. Бирок бүгүнкү күндө бул маалыматтарды биз четке кагабыз. Себеби кечээ аталган эки жарандан кайрадан кайталанып алынган анализдеринин жыйынттыгы таза чыкты”,- деди комендант.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: