Акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде өкмөттө өткөн брифинге саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаары – 12 адам;
– Ош шаары – 10 адам;
– Чүй облусу – 1 адам.
Учурда Кыргызстанда коронавирус илдетинен айыккандардын жалпы саны 345 адамга жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ