Коронавируска чалдыккан адамдарды дарылоого кеткен чыгымдар мамлекеттин эсебинен каржыланат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Каражаттар негизинен дары-дармектерге, стационарда калууга, медициналык каражаттарга, изилдөө жүргүзүүгө жана анализ тапшырууга кетет. Дарылоо оорунун оордугунун даражасына жараша төрткө бөлүнөт: жеңил формасы, орто формасы, оор формасы жана өтө оор формасы. Оорунун жеңил формасына 7988 сом, орто формасына 16370 сом, оор формасына 74764 сом, өтө оор формасына 118807 сом сарпталат” – деп билдирди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 665 адамдан коронавирус табылган, анын ичинен 345 адам сакайган. 8 киши илдеттен улам каза болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ