Menu

Өзбекстанда «мугалими кемсинткен» окуучу өз жанын кыйды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Бешкент шаарындагы №63 мектептин 8-классынын окуучусу Мирафзал Абдурашидов өз короосунда асынып алган жеринен табылды. Атасынын айтымында, уулу мектептеги кемсинтүүлөрдөн кийин өмүрүнө кол салган.

– Бир ай мурда класс жетекчиси классташтарын Мирафзалдын бетине түкүрүүгө мажбурлаган. Ошол маалда анда директордун орун басары да болгон. Кемсинтүүлөр көп болгондуктан, ал сабактарга барбай да калган, – деди атасы.

Мектептин директору окуучу классташтарынын алдында кемсинтилгендиги тууралуу маалыматтарды четке какты.

– Ал каза болоруна эки күн калганда мектепке келбей калган. Класс жетекчиси ата-энесине телефон чалып сураганда бала ооруп калганын айтышкан. Азыр ата-энеси класс жетекчиси менен орун басарымды уулун кемсинткен деп айыптап жатышат. Бирок бул туура эмес, – деди директор.

Окуучунун өлүмүнөн кийин анын класс жетекчиси менен мектептин директору жумуштан алынды.

Карши районунун акимчилигинен Мирафзал Абдурашидов өз жанын кыйгандыгы тууралуу маалыматты четке кагышты. “Биз окуучунун өлүмү тууралуу уктук. Биз билгенден ал өз жанын кыйган эмес, жүрөгү кармап каза болгон», — деп билдирди акимчиликтин өкүлү.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: