Menu

Асейин Саралаев, блогер: “Улан Токтосунов – “Сакалдын” жакшы досу “Бандит борчик” менен кантип тааныштым…”

Бөлүшүү:

… Ал менден 3 жашка улуу болчу. Жаш кезинде эркин күрөш менен машыгып Жамбыл облусунун атынан республикалык мелдештерге катышып Казахстандын курама командасына кирейин деп жүргөндө атаандаштары таасирлүү адамдар аркылуу бут тосушуп чоң спортту таштап криминалдык чөйрөгө кирип кеткен экен. “Бандит борчик” дешип андан баары сестенип турушат эле. Мен да аны райондун базарынан биринчи көргөндө карышкырдын көзүндөй жанып турган сүрдүү көз карашынан чоочуп тик карай албай көздөрүмдү ала качкан элем. Дайыма капкара болгон БМВ машинасын айдап бирок дайыма жалгыз жүрөт эле. Ошентип ал байкени көп жерден көрө баштадым… Көбүнчө райондун борборунан, базардан, чек арадан көрүп калып канчалык жанына барып саламдашкым келсе да башкалардын ал тууралуу айткан аңыздарынан улам жанына барыштан чоочуйт элем… Аны текебер, мактанчаак, зөөкүр, жүрөгү таш жана кишиге ырайымы жок канкор сыяктуу айтышчу… Бир караган кишиге сыртынан ошондой эле көрүнчү. Ал байкени биздин жээнибиз менен (Улан Токтосунов “Сакал”- эжемдин баласы) дагы жакшы дос экенин угуп калдым. Бирок мага кимдир бирөө: ал байке менен кол алышып, кучакташып учурашып, бир дасторкондон тамак ичип, сыр айтышып ага-инидей сүйлөшүп каласыңар деп айтса ишенбей күлөт болчумун.
Ал күн да ыйык Рамазан күндөрүнүн жума күнү болчу. Жума намаз окуйлу деп кошуна бала менен баратып анын машинеси жолдо бузулуп экөөбүз машинен тыштай салып 180 км/саат ылдамдык менен бири-бирибизди карабай чуркап барып жаңыдан Азан айтыла баштаганда эл толгон мечитке жетип бардык. Экөөбүздүн демиккенибиз басылбай жума намазынын алгачкы төрт рекет сүннөтүн окумакка арткы саптардан эки бош орунга барып тура калып ниет кылып намазды баштадык. Ошентип алгачкы сүннөттөрү бүтүп кайра азан айтылып имам минбарга чыкканда көздөрүм имамда болгондуктан айланамды да караган эмесмин… Анан парз намазы башталып сап түздөлүп баштаганда: “Иничек бул жерге келип алыңыз” деп алдыңкы саптан үн чыкканынан карай салсам элдер “Бандит борчик” деген байке карап турган экен. Аңырайган боюнча барып жанына турдум… Ошентип бир сапта намаз окуп бүтүп бири-бирибизге “Намазыңыз кабыл болсун” деп учурашканыбызда ушунчалык мээрим менен кучактап учурашканын көрүп таң калдым. Ошондо динибиздин улуулугун түшүндүм. Көчөдөн жолой албай душман сыяктуу, каракчы сыяктуу, баш кесер көрүнгөн адам менен мечиттин ичинен бир тууган сыяктуу кучакташып чыктык. Ал ирет атыбызды да сурашпай коштошуп көптүн агымы менен тарап кеттик. Ал байке менен эски тааныштардай коштошуп атканыбызды көргөн кошунам кайра бузулган машинеге жеткиче мени ага кошуп бандит кылып койду…))
Экинчи ирет чек арадан көрүшүп бир туугандардай учурашып, аттарыбызды сурашып, маектешип, телефон номерлерди алыштык. Үчүнчү ирет кайрадан жума намазда жолугуп үйүнө ооз ачууга чакырды… Ошентип экөөбүз бир туугандай жакшы мамиледе болуп кеттик. Ал байкенин ички жан дүйнөсү ушунчалык кенен жана таза экенине күбө болуп ал жөнүндө ушактарды, аңыздарды токугандарга азыркыга чейин таңкалам…
Андан бери он жылдай убакыт өтүп кетти. Азыр ал байке да очор-бачар үй-бүлөлүү болуп балдары мектепте мыкты окушат. Өзү жеке ишкер.
Жыл сайын Рамазан айы келгенде ошол окуяны эстеп байкеге айтып берсем: “Мен жөнөкөй эле адаммын. Эмнеге адамдар кебетеңе карап кумурсканы пил кыла беришет” деп күлөт.
Айтайын дегеним биздин динибиз улуу дин экени айныгыс чындык. Жөн эле дааватчылар менен умра барып келгендерди жамандашты… Мечитке бир ирет барып жамаат менен намаз окусаңыз динибиздин улуулугуна, тазалыгына, кудуретине ишенесиз!!! Аллахым баарыбызга ыйман берип туткан орозолорубузду, окуган намаздарыбызды кабыл кылып, күнөөлөрүбүздү кечирсин!!
Ал эми менин бул жазгандарымды окуп жаткан менин бир кездеги “Бандит борчик” байкемдин өзүнө жана үй-бүлөсүнө Аллахымдан эки дүйнө жакшылыгын тилек кылам. Сиз менен ошол күнү бир сапта отуруп бир тууган болуп чыккан күндүн натыйжасында; чек арадан, Казахстандын аймагынан канчалаган кыргыз туугандарыбызга жардамчы болдук. Сизге чоң рахмат агатайым!!!

Асейин Саралаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: