Бүгүн, 27-апрелге карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 695 адамга жетти. Алардын ичинен 15 жашка чейинкилердин саны 84 адамды түзөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавирус менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 84 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 4 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 19 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 191 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 248 адам;
– 56 жаштан өйдө – 153 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ