Menu

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы, журналист: “Журналисттердин жүзү саясый элитага жараша болот”

Бөлүшүү:

Диктофон, ноутбук, фотоаппарат, тынымсыз ары-бери чуркоо менен тыным алганды билбеген бул басма сөздө иштеген адамдардын күнүмдүк иши. Дене табың 40 градуска чыгып жатса, алар термометрди эмес, алгач калемди кармайт. Маалымат деген алдына тосмо коюп токтотуп турчу нерсе эмес да. Өз маалында берип калбасаң, эртең жарабай калышы мүмкүн. Түйшүгү түмөн, жоопкерчилиги жогору болгон кесипте калемдин арасында жашап, өз ишинин чыныгы фанаттары гана чыдабаса, баардык адам чыдай бербейт. Чыдамкайлыгы менен көп түйшүктү көтөрүп келе жаткан “басмачылар” 7-ноябрь күнү кесиптик майрамын тосушат. Урматтуу кесиптештер, ар бир башталган күнүңөр ийгиликтерге жетелеп, ден-соолукта болгула.

— Азыркы журналисттердин салмагы кандай? Көпчүлүк сатылып кетти, журналисттердин жүзү, билими жок дешет, сиз кошуласызбы?

— Азыркы журналисттердин арасында тыңдары да, былжырагы да арбын! Көпчүлүк журналисттер өздөрүн өнүктүрүш үчүн билимин, тажрыйбасын байытууга аракет кылат. Бирок арасында бир-эки жеңил-желпи сенсация жаза коюп жылдызга айлангандары да жок эмес. Журналисттердин жүзү саясый элитага жараша болот. Эгерде саясый элитанын жүзү, билими жок болсо, аларга жалданып иштеген журналисттердин да жүзү жок болот. Өлкөдө саясый маданиятты көтөрөлү деген саясый элитанын айтканы бир, жасаган иши ыплас болгон учурда айрым журналисттерден да ошону күтүүгө болот. Албетте сатылма жолдору менен жан багып жүргөндөр да аз эмес. Эң башкысы журналисттик адистигин өркүндөтүп, билимин байытып турган аракетчил журналисттер гана улутка таасир этчү терең, түбөлүктүү темаларды көтөрүп, окурмандардын жарпын жаза алышат. Убактылуу темалар менен алектенген журналисттердин көпчүлүгү ара жолдо калышып, сый-урматтан да кур калышат. Андыктан ар бир журналист түбөлүктүү темалар менен алектенип, өмүрүн текке кетирбесе!

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: