Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын кайталанган учурлары жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, коронавирустан айыгып кеткен жарандар кайрадан ооруга чалдыккан эмес.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 695 учуру аныкталган. Анын ичинен 395 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Сегиз жаран коронавирустан улам каза болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ