“Дарыгерлердин баары вирус жугузуп алып, поликлиникалар иштебейт калат дегенге негиз жок” – деп билдирди бүгүн, 27-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“Биздин бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору иштешет, албетте, айрым кыйынчылыктар бар, бирок алар көзөмөлдө. Ал жерде эпидемиологиялык иликтөөлөр жүргүзүлүп, медициналык кызматкерлерди коргоо чаралары көрүлүүдө. Чечүү жолдору иштелип чыгууда. Процесс көзөмөлдө, коркунуч жок”,– деди Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Бишкектеги №3 жана №17 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлеринен коронавирус аныкталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ