Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда коронавируска чалдыккан адам тыгыз байланышта болгон 5 адам обсерваторияга жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржиев онлайн-брифингде билдирди.
Ал коронавирусту жуктурган киши бир аймактан экинчи аймакка барганын ырастады. Натыйжада, аны менен тыгыз байланышта болгон беш адам обсерваторияга жаткырылган.
“Төртөө ички иштер министрлигинин кызматкерлери, 1 киши коронавирус менен ооруп калган жарандын тууганы. Алардын бардыгы обсервацияга жаткырылган. Калган байланышта болгон адамдар текшерүүдөн өтүшүп, үй көзөмөлүндө турушат. Аларда вирус жугуп калды деген чоң кооптонуу жок” – деп билдирди Урматбек Боржиев.
Булак: «KyrgyzToday»
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ