ММК фондунун башчысы Элнура Боронбаева бүгүнкү онлайн-брифингде коронавирус менен ооругандарды дарылоого канча каражат сарпталгандыгын айтты.
Анын айтымы боюнча, COVID-19 диагнозу бар 165 бейтапты дарылоого 3 миллион 98 миң 824 сом сарпталган. Ошондой эле оорулуулар менен байланышта болуп, обсервацияда көзөмөлдө жаткан 1 миң 794 адам үчүн 5 миллион 264 миң 219 сом бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 695 учуру аныкталган. Анын ичинен 395 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Сегиз жаран коронавирустан улам каза болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ