Бүгүн, 29-апрелге карата Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Ош облусу – 1, Бишкек шаарында – 13, Нарын облусунда – 6, Баткен облусунда – 1 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 729га жетти. Алардын ичинен:
– Ош облусунда — 161 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 113 адам;
– Ош шаарында — 110 адам;
– Бишкекте — 180 адам;
– Нарын облусунда — 94 адам;
– Чүй облусунда — 52 адам;
– Баткен облусунда — 9 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 10 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ