Кечээ, 28-апрелде Аламүдүн районунун Байтик айылындагы тоодон унаа коктуга кулап кетип, 24 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, саат 22:00 чамасында Байтик айылында Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунан “Toyota Prado” үлгүсүндөгү автоунаасы коктуга кулап түшкөн. Унааны 1996-жылы туулган А.Ч. аттуу жигит башкарып бара жаткан.
Окуя болгон жерге Аламүдүн районунун №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, айдоочуну тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Тилекке каршы, кырсыкка кабылган 24 жаштагы жигит оорукана бара жаткан жолдо көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ