Menu

Видео – АКШга грин-карт утуп алган 27 жаштагы кыргызстандыкты америка элчилиги 21-апрелде самолет менен алып чыгып кеткен

Бөлүшүү:

АКШ өкмөтү Бишкектен өз жарандарын гана эмес, ошондой эле 2020-жылы лотерея уткан мекендештерибизди да эвакуациялады.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы Өмүрбек аттуу тургуну YouTube “SiliconValleyVoice” каналына коронавирустун пандемиясына карабастан АКШда кандайча барып калганын айтып берген.

Азыр Чикаго шаарында жүргөн Өмүрбектин айтымында, ал 21-апрелде Вашингтонго учуп кеткен. Буга чейин ал 3-февралда Бишкектеги АКШ элчилигинде маектешип, иммиграциялык визасын алган. Башкача айтканда, 31-январда АКШ президенти Трамп Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүгө тыюу салган жарлык чыгаргандан кийин болду.

“Консулдуктан мага ушул жарлык жөнүндө маалымдаган кат келди. Бирок алар сиз дагы маектешүүгө келишиңиз керек деди. Консулдукта маектешүү учурунда 10 адам болгон, алардын үчөөсүнө баш тартылган. Ошондо мен 21-февралдан тарта баарына виза бербей башташканын билдим. Консулдуктар тыюу салуу чараларын качан колдонушарын өздөрү чечет дешти. Андан кийин коронавирус илдети чыгып, АКШга учпайм деп чочулай баштадым. Эки жума мурун мен консулдукка кат жазып, визаны узартсам болобу деп сурадым. Алар билбейбиз деп жазышкан. Бир күндөн кийин дипломаттар Мамлекеттик департамент чартердик рейс уюштуруп, мени АКШга алып кетиши мүмкүн деп кат жиберишкен” – дейт Өмүрбек.

Мекендешибиздин айтымында, Мамлекеттик департамент чоң медициналык Boeing 747 учагын жалдаган. Маршрут өтө оор болчу. Учак Бишкектен учуп, Душанбеге, андан кийин Кабулга учушу керек болчу. Болгариядан алар ыңгайлуураак учакка отурушкан.

“Биз АКШнын өкмөтүнө 1725 доллар төлөп берүүгө милдеттенген векселге кол койдук” – деп билдирет Өмүрбек.

Ал жолдордордо тосмо бекеттер орнотулгандыктан америкалык чартердик рейске жетишүү үчүн Кызыл-Кыядан Бишкекке келе албайм деп чочулаган. Бирок, АКШнын элчилиги жардам берип, ага атайын дипломатиялык номурлуу унаа жөнөткөн. Бишкекке келгенден кийин дипломаттар аны мейманканага жатууну сунуштаган, бирок туугандардын үйүндө дагы калууга мүмкүн болгон. Эрте менен дипломаттар баланы өткөрмө пункттары аркылуу аэропортко жеткирүүгө убада беришкен.

“Бишкектен учакка 30 адам отурган. Анын жарымы биздин мекендештер. Америкалыктар тынч отурушту, ал эми кыргыздар толкунданып, ойлуу отурушту” – дейт Өмүрбек.

“Чикагодо адамдар беткап кийип жүрүшөт. Баары дагы эле жабык, бирок супермаркеттер иштейт. Диспетчер болуп иштеген досумдун үйүндөмүн” – деп билдирд мекендеш.

Өмүрбек экономикалык билимге ээ. Ал Дубайда үч жыл бухгалтер болуп иштеген. АКШда ал IT тармагында иштөөнү пландап жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: