Menu

Видео – Кытай Эксимбанкы менен карыздарды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкы менен карыздарды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 29-апрелде брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын мамлекет башчысы менен карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшкөн.

«Анда Эксимбанктан алынган карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүү болгон. Менин билишимче, Кытай тарап өтүнүчтү кабыл алды. Эксимбанктан биздин адистерге байланышып, иш башталды», – деди вице-премьер-министр.

Асрандиев башка эл аралык уюмдардан алган карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча да сүйлөшүүлөр Париж клубунун алкагында жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 3,7 млрд доллар болсо, анын 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга туура келет. Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Кытайдын жетекчилигине кайрылып, карызды төлөө мөөнөтүн жылдырып турууну өтүнгөнү маалымдалган.

Кыргызстан 2020-жылы 28 млрд. сом тышкы карызын төлөөгө милдеттүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: