Menu

Түркмөнстанда катуу бороондон ондогон кишилер өлгөнү кабарланууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Лебап облусундагы бир нече калктуу конуш жана Түркмөнабад шаары 28-апрелде башталган бороондон катуу жабыр тартты.

Turkmen.news сайты өз булактарына таянуу менен маалымдагандай, жүздөгөн турак жай кыйраган. Күбөлөр курмандыктар бар экенин, ондогон адам дайынсыз жоголгонун айтышууда. Катуу шамаал кум аралаш бурганак менен коштолгон. Лебаптагы облустук оорукана жабырлануучуларга толуп калган.

Аймакта телефон байланышы үзүлгөн. Электр кубаты, газ жана суу өчкөн. Айрым райондордо таза сууну атайын унаалар менен ташып таратышууда.

Бийлик ЖМКлар аркылуу катуу бороон тууралуу алдын ала эскертүү берген эмес. Мектеп жана бала бакчалар кечке чейин иштеген.

Басылманын өз булагы: «Түркмөнабадда тирүү жан жок сыяктуу көрүнүп калды. Рух сарайынын төбөсү урады. Мектептер жана бала бакчалардын чатырлары талкаланды. Мародерлор катуу шамаалдан зыянга учураган дарыканаларды жана дүкөндөрдү талап жатат. Шаарда тамак-аш жетишсиз. Айрым жеке дүкөндөр кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүп жиберишти. Алар бир бөлкө нан жана бир бөтөлкө суу үчүн 20 манат (1 доллар) сурап жатышат, – деп билдирди.

Түркмөнстанда 28-апрелге караган түнү башталган бороон Өзбекстандын Бухара, Навои, Самарканд жана Кашкадарыя облустарына чейин жеткен.

Бухара облусунда бир киши өлүп, бери дегенде 41 адам жаракат алган. 5200 имарат зыян тарткан.

29-апрелде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзёев Бухара облусуна барып, табият кырсыгынан жапа чеккен аймактарды тик учак менен кыдырып чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: