Индияда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чектөө чараларына байланыштуу 140 миллиондой жашоочу ишсиз калды. Бул тууралуу The Financial Times гезити Индия экономикасына мониторинг жүргүзүү борборуна шилтеме жасоо менен билдирди.
Кызматкерлерди жумуштан бошотуу – жумушсуздуктун деңгээлин 8ден 26 пайызга чейин жогорулатат.
1 миллиард 300 миллиондон ашуун калкы бар Индияда 35 күндөн бери катаал карантин чаралары колдонулууда. 33 миңден көп киши вирус жуктуруп алды, минден ашууну көз жумду.
Bloomberg агенттиги жакын арада карантин чаралары жумшартуу күтүлүп жатканын жазды. Медициналык эксперттер бул учурда ооругандардын саны көбөйүп кетиши ыктымал деп чочуп жатышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ