Бүгүн, 1-майга карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 756 адамга жетти. Алардын ичинен бир жашка чейинки 5 ымыркай бар. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавирус менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 102 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 5 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 21 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 215 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 259 адам;
– 56 жаштан өйдө – 159 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ