Menu

Ардагер журналист Сулуубек Токсобаева 91 жашында дүйнөдөн кайтты

Бөлүшүү:
Кыргыз улуттук маданияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 30-апрелинде кыргыз кыздарынан чыккан алгачкы журналистеринин бири Сулуубек Токсобаева 91 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.
Сулуубек Токсобаева 1929-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында туулган.
1946-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
Алгачкы эмгек жолун 1949-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде иштөөдөн баштаган. Кыргыз сатирасына кыз-келиндерден биринчилерден болуп баш оту менен кирип, журналист – сатирик катары таанылган.
Ал республикалык “Чалкан” журналында 30 жылдан ашык иштеп, далай куйкум сөздүү фельетон, сатиралык аңгемелери менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Ал Москвадагы журналисттердин V съездине делегат болуп катышкан.
Сулуубек Токсобаева эмгеги элге бааланып, райондук советке депутат, республиканын басма сөз органдарындагы көп жылдык жемиштүү иши жана эмгеги үчүн СССР жана Кыргыз Республикасынын Жогорку кеӊешинин Ардак грамоталары менен, ошондой эле “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” мамлекеттик медалы менен сыйланган.
1983-жылы балдар үчүн «Эки таранчы» китеби жарык көргөн. «Табам, чагам», «Айланкөчөк» аттуу китептерде аӊгемелери жарыяланган.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ардагерлер кеӊешинин мүчөсү болгон.
Сулуубек Токсобаеванын жаркын элеси аны билгендердин эсинде түбөлүккө сакталат.
Маркумдун бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: