Menu

Бишкекте жер участогун ижаралоо келишиминен 6 миллион сом киреше тапкан аял салык төлөөдөн качып, салык отчётун бербегендиги үчүн соттолду

Бөлүшүү:

Бишкектеги Ленин райондук соту 2019-жылдын 16-декабрында айыпталуучу А.Г. жасаган ишине карата  чечим кабыл алган. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

А.Г.Э. аттуу жаран 1997-жылдын 1-октябрындагы КР Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 1-пункту боюнча айыпталган.

Бишкек шаардык мэриясынын 2003-жылдын 27-мартындагы токтому менен А.Г.Э. ижара шартында 49 жылга мөөнөткө убактылуу пайдаланууга Бишкек шаарындагы 0,92 га жер участогу берилген. Ушул чечимдин негизинде Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан жерди убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилген. Мындан тышкары, Бишкек мэриясы менен А.Г. ортосунда 2052-жылдын 27-мартына чейин жерди ижарага берүү келишими түзүлгөн.

Түзүлгөн келишимдин негизинде, 2014-жылдын 12-июнунда А.Г. жогорудагы жер участогун пайдалануу укугун «Экспресс-Строй» ЖЧК 6 млн. сомго берген. Бирок, А.Г. милдеттүү салык төлөөдөн качуу максатында, салык отчётун берген эмес.

Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы тарабынан А.Г.ге карата текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 757 миң 281 сом суммасында кошумча салыктар чегерилген, анын ичинен: 582 миң 524 сом өлчөмүндө киреше салыгы жана сатуудан салык 174 миң 757 сом.

Натыйжада, А.Г. салык төлөөдөн баш тартуу менен жасаган аракеттери мамлекетке 757.281 сом өлчөмүндө зыян келтирген, аталган сумма сотко чейинки өндүрүш учурунда мамлекетке кайтарылып берилген. Мындан тышкары, салыктык төлөмдөрдүн өз убагында төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу, КРнын Салык кодексинин 71-беренесине ылайык, 757 миң 281 сом өлчөмүндө айып салынган.

Соттук отурумда айыпталуучу А.Г. адвокатынан сот өндүрүшүн токтотуу жана камакка алууну алып салуу тууралуу өтүнүч кат келип түшкөн.

Жогоруда айтылгандардын негизинде сот чечим чыгарды: 1997-жылдын 1-октябрындагы Кылмыш кодексинин 212-беренесинин 1-пунктуна ылайык кылмыш жасаган деп айыпталган А.Г.Э.ге карата Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде токтотулушу керек. А.Г. карата кылмыш ишин козгоону камсыз кылуу чарасы милдеттенме түрүндө өзгөрүүсүз калат, чечим күчүнө киргенден кийин – жокко чыгарылсын.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: