Menu

Фото – Өкмөт: «Манас» аэропортунда 670 адамга ылайыкталган обсерватор курулуп бүтүп калды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-майда Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев мурдагы «Манас» транзиттик ташуулар борборунун аймагында обсервациялык пункттарды даярдоонун жүрүшү менен таанышышты.

«Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, болжол менен 670 адамды жайгаштырууга эсептелген 6 корпусту оңдоо иштери жүргүзүлдү. Палаталар бардык зарылдыктар менен жабдылган жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жооп берет. Бул имараттарды обсервация катары пайдаланууга болот, ошондой эле аларга оорусу жеңил өтүп жаткан же тиешелүү медициналык көзөмөл үчүн илдеттин белгилери билинбеген бейтаптарды жайгаштырса болот», – деди Кубатбек Боронов.

Эки адамга эсептелген ар бир палатада санитардык түйүн, душ жана ысык тамак берүү үчүн атайы терезелер бар.  Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер үчүн атайы имараттар каралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Саламаттык сактоо министрлигине пункттарды тийиштүү жабдуулар жана инвентарлар менен толук камсыздоо тапшырмалары берилди.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, аталган объектилер оорулуулардын жана медициналык кызматкерлердин, тийиштүү персоналдардын коопсуз жана ыңгайлуу иш алып баруусу үчүн бардык талаптарга жооп бериши шарт.

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: