Анын айтымы боюнча, буга чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасынан коронавирустун 20 учуру катталган.
“Алардын жарымы ооруканадан чыгарылган. Бирок, кечээ дагы укук коргоо органдарынын 7 кызматкери республикалык клиникалык ооруканага COVID-19 диагнозу менен жаткырылды” – деп билдирди Айнура Акматова.
Кыргызстанда жалпысынан коронавирустун 830 учуру аныкталган, алардын ичинен 216 учуру дарыгерлер. Он адам оорудан улам каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ