Атайын рейс 12-апрелде Бишкектен Америка Кошмо Штаттарына учат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Элчилик Кыргыз Республикасындагы АКШ жарандарына кайрылды: “Мамлекеттик департамент 12-апрелде Манас эл аралык аэропортунан АКШнын жарандары жана АКШнын туруктуу жашоочулары үчүн атайын чартердик рейс уюштурду. Так учуу убактысы жана маршруттар өзгөрүлүшү мүмкүн. Болжолдуу маршрут: Бишкек-Душанбе-Кабул-Дубай-Бужумбура-Банги-эл аралык Вашингтон Даллес аэропорту ”
“Бардык жүргүнчүлөр АКШнын өкмөтүнө учуунун баасын төлөп бериши керек. Чоң кишилер үчүн болжол менен 1725 долларга жана кичинекей балдарга 1362 долларлык векселге кол коюшу керек”,- деп билдирди элчилик.
Ошондой эле, “Накталай же кредиттик карта менен төлөө кабыл алынбайт. Америка Кошмо Штаттарындагы баштапкы көздөгөн жериңизден тышкары, кандайдыр бир иш-чараларга же чыгымдарга (турак-жай, кийинки сапар же жергиликтүү унаа ж.б.) өзүңүз жооптуу болосуз. Эгерде сиз бул рейс менен учкуңуз келсе, анда учуу жөнүндө маалыматты жана эсеп-кысапты жөнөтүңүз “, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ