Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов мамлекеттик кызматты жеке менчигиндей көрөт окшойт. Учурда өзүм билемдикке салып, кадр саясатынын ашмалтайын чыгарып, өз кишилерин, капчыгы калыңдарды жетекчи кылуу менен гана алектенип, өзүнүн негизги кызматтык милдеттерин унутуп калганы каңкууланууда. Мунусу кандай?! Эч кимди көзгө илбестен каалагынын кылып, атасынан калгандай тайраңдап, өтүгүн төргө иле бергидей токой-чарба агенттиги Абдыкалыктын атасынан мураска калганбы? Качанга чейин ушундай нойондор элди какшата берет? Жогору жакта отургандар көз салып койбойбу?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ