17-апрелден бери Кыргызстанга чет мамлекеттерден келген кыргызстандыктардын ичинен 5 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өкмөттө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, келген адамдардын баардыгынан ПЦР-анализ алынган.
“17-апрелден бери Кыргызстанга беш чартердик рейс уюштурулган. Ал чартердик рейстер менен 1117 жаран мекенине кайтып келди. Бул жарандардын баардыгынан бир сыйра ПЦР-анализ алынган. Андан сырткары убактысы келгендер экинчи ПЦР-анализин тапшырып, убактысы келе электер күтүп жатышат”,- деди Айнура Акматова.
Эскерте кетсек, 17-апрелден бери Кыргызстанга чартердик каттам менен беш учак келген. Алар, Дубай, Анкара, Стамбул, Екатеринбург жана Новосибирсктен келген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ