Бишкекте коронавирус жуктуруп алгандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруунун натыйжасында 9 адамдан вирус аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте коронавирустук инфекциянын белгилери бар деп шектелип, жардам сурап кайрылган карантиндеги адамдарды жана жашоочуларды текшерүү үчүн 40 мобилдик бригада түзүлгөн. 4-майда алар 3500 экспересс-тесттерди жана 5400 ПЧР анализдерин алышкан. Мындан тышкары, мобилдик топтор инфекциянын 75 очогунда жашаган тургундарды да текшеришет.
“Республикалык штабдын чечимине ылайык, мобилдик бригадалар коронавирус жайылган 75 очокто, айрыкча конуштарда текшерүү жана тесттерди алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Бригадалар 2073 үйдү текшерип, 690 адам экспересс-тесттен өтүшкөн, алардын ичинен 9 адамдан вирус аныкталган, ал эми 681 тесттин натыйжасы терс болгон” – деп билдирди Татьяна Кузнецова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ