Menu

Видео – Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 жуккан медициналык кызматкерлерге берилчү компенсацияны эсептөө тартиби жөнүндө айтып берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-майда, өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев COVID-19 жуккан медициналык кызматкерлерге төлөнүүчү компенсацияны эсептөө тартиби жөнүндө айтып берди.

COVID-19 илдетин жуктурган саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн негизи:

– инфекциялык оору менен ооругандар – 1000дик эсептик көрсөткүчтөн кем эмес (КР Өкмөтүнүн чечими менен өзүнчө аныкталат);

– I топтогу майыптарга – ээлеген кызмат орду боюнча 10 жылдык маянасынын өлчөмүндө;

–  II топтогу майыптарга – ээлеген кызмат орду боюнча 8 жылдык маянасынын өлчөмүндө;

– III топтогу майыптарга – ээлеген кызмат орду боюнча 5 жылдык маянасынын өлчөмүндө;

– Алган жаракаты, травма, контузия алгандарга ээлеген кызмат орду боюнча маянасынын 10дон 20 эселенген өлчөмүнө чейин бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет;

– Курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө эсептешүү көрсөткүчүнүн 5000 эселик өлчөмүнөн кем эмес компенсация төлөнөт (КР Өкмөтүнүн чечими менен өзүнчө аныкталат).

Кызматкердин толук же жарым-жартылай багуусунда турган жогоруда аталган кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, алар үчүн жашоо каражаттарынын туруктуу булагы болуп саналган адамдардын акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жылдык маянасынын өлчөмүндө кошумча компенсация алышат.

Жалпысынан өлкөдө 216 медицина кызматкери коронавирусту жуктуруп алган, алардын 139у айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бир дарыгер каза болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: