Menu

Максат Сабиров, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Биздин фракцияда лидер алмашпайт”

Бөлүшүү:

– Максат мырза, фракция ичинде интрига жүрүп жатканы айтылууда. Лидер алмашабы?

– Мындай кептер каяктан чыгып жатат? Мен түшүнбөй койдум. Фракциянын ичиндеги кептерди мен уга электе, силер угат экенсиңер. Бирок, маалыматыңар калп. Эч кандай интрига жок. Күн тартибинде мындай маселе каралган да жок. Ич ара талкуу да болгон эмес. Лидер бар, иштеп жатат, баары өз ордунда эле, алмашпайт.

– Чек ара маселеси боюнча маселе эмнеге жабык жыйында каралды?

– Бул өтө аяр маселе. Кылдат талкууланып, чечүү жолдору караштырылышы кажет. Негизи, бул маселе эгемендик алган жылдардан бери бүтпөй келатат. Жогорку Кеңеш кабыл алып берген токтомдордун бирин өкмөт аткарбай жатканынын кесепетинен чыгып жатат бул чатактар. Тажикстан менен 400дөн ашык чакырым жерибиз такталбаган. Ошону тактап, тосмобузду тосуп, белгилеп алмайынча, мындай чатактар токтобойт. Эгер чек араны тактабасак, мамлекеттин канча мүлкү бар экенин билбесек, кантип эгемендүү мамлекет болобуз? Ошондуктан, баарын коё туруп, эгемендигибизди сактап калабыз (!) десек, биринчи кезекте чек араны тактап алышыбыз керек.

-Максат мырза, латын арибине өтүү демилгесин колдойсузбу?

– Бизде башка проблемалар толуп жатат. Ооба, латын арибине баардык мамлекеттер өтүүдө. Менимче, бизге азыр мунун кереги жок. Убакыт келе элек. Билим берүү тармагыбызды оңдоп, саламаттык сактоо, чек ара, жолдорубузду жолго салып, баарын чечип алгандан кийин, бюджетибиздин чама-чаркы жетип турса гана, анан “эми латынга өтөлү” десек жарашат. Латын эмес, кыргызча китеп чыгара албай, балдарыбызды окута албай жатабыз го. Латынга өтүү үчүн толугу менен баарын алмаштыруу керек. Бул азыр биздин колдон келбейт.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: