Menu

Капар Жалилов, Жумалиевдин өкүлү: “Кубанычбек Жумалиев ишкерликти 1986-жылы баштаган, андан бери 34 жыл толду”

Бөлүшүү:

Экс-премьер-министр, азыркы депутат Кубанычбек Жумалиевдин өкүлү Капар Жалилов билдирүү таратты:

Акыркы күндөрү социалдык түйүндөрдө Кубанычбек Жумалиевдин дарегине  шек келтирген Сыймык Жапыкеевдин жалган маалыматтарды камтыган видео кайрылуусуна карата расмий жооп.

 «Жумалиев Кыргызстанга 10 млрд. долларга зыян келтирген»-деген видео кайрылуу чындыкка дал келбейт.  2005-жылы бийликтен кеткенден кийин ошол учурдагы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын чечими менен 6 укук коргоочу жана фискалдык мамлекеттик органдардан турган атайын комиссия түзүлгөн. 7 ай аралыкта 1992-жылдан 2005-жылга чейинки, К. Жумалиев  кайсы мамалекеттик кызматта иштебесин бардыгын дыкат текшерилип, жыйынтыгында, мамлекетке финансалык зыян же иш милдеттерин аткарууда мамлекетке 1 тыйындык дагы тартип бузуу болгон эмес, деп жыйынтык чыккан. Толук маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарда бар.  Андыктан, Сыймык  Жапыкеевдин мамлекетке 10 млрд.доллар зыян келтирген деген  сөзү «жалган» жана чындыкка дал келбейт.

Мындан сырткары, С . Жапыкеевдин социалдык тармактарда берип жаткан маалыматарына “К.Жумалиевдин 2.5 миллиарддык бизнеси, мүлкү бар» деген тастыкталбаган маалыматтарды таратып жатат.  Расмий маалыматтар боюнча мындай  суммадагы мүлк жана  бизнес да жок. Белгилүү болгондой, К. Жумалиев ишкерликти 2005-жылга чейин эле баштап, быйыл ал иштин башталганына  34 жыл толуп отурат.

Алгач, 1986-1987 жылдары СССРдин учурунда «Жаштардын илимий ойлоп чыгаруу (НТТМ)» кыймылы башталган. К. Жумалиевдин биринчи кирешеси илимий изилдөөнүн негизинде болуп, анда оптикалык приборун Россия Федерациясынын Раменскидеги приборлорду куруучу конструктордук мекемесине өндүрүшкө киргизип  тапкан. 1987-1992 жылдары бир туугандары менен Россия жана Украинадагы тамеки чыгаруучу заводдор менен иштешип, ал кызматташуу ийгиликтүү болгон.  Тапкан кирешенинн негизинде  Советская-Жибек- Жолу кесилишиндеги жерден 2 жеке менчик үйдү сатып алып, чет мамлекеттик инвесторлор менен биргеликте “ГОИН” соода борбору салынып, бир катар өрт коюу жана кол салуулар болсо дагы бүгүнкү күнгө чейин үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Капар Жалилов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: