Menu

Самат Жумакадыров, Жүзүмкан Көкүмбаеванын тууганы: “Сураныч, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай, Жүзүмкан апамдын арбагына жаман сөз айтпагылачы”

Бөлүшүү:

Коронавирустун кесепетинен каза болгон №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын тууганы элге кайрылып, ал жөнүндө терс пикирлерин жазбоону суранды. Мындай кайрылууну Фейсбуктагы баракчасына анын тууганы Самат Жумакадыров кечээ, 5-майда жарыялаган.

Анын кайрылуусун өзгөрүүсүз беребиз.

Коронавирус бар!
Бул киши менин чоң апам. Жөн гана Жүзүмкан мама деп чоңойдум. Атамдын бир тууган агасынын келинчеги. Мен алардын азыркы жашап жүргөн үйүндө төрөлгөм. Азыр ал жакта аталаш бир тууганым менен Жүзүмкан мамам калышкан. Чоң атамды 12 жыл мурун рак илдети алып кеткен.

Тилекке каршы коронавирус Жүзүмкан мамамды да алып кетти. Ооба, жанагы “бир врач каза болду” деп аткан биздин мамабыз болуп калды.

Жүзүмкан мамам 30 жылдан ашык 3-поликлиникада иштеди. Катардагы медайымдан баштап, бөлүм башчылыкка жеткен. Вирус учурунда мамам дем алыш күнгө карабай, жумасына жети күн иштөөгө туура келди. Ал врачтарга тийиштүү коопсуздук каралбай жатканын биринчилерден болуп айтып чыккан. Мобилдүү бригаданы врачтардан бөлүү керектигин талап кылган, ошол билдирүүдөн баштап дарыгерлерди да бөлөк-бөлөк кармоо башталды.

Жүзүмкан апамдын кооптонгонундай эле бар экен. Көрсө алардын поликлиникасында 8 дарыгерге вирус жукканын кийин маалымат сайттар жазышпадыбы. Мамамдыкы өтүшүп кетиптир, ал дароо реанимацияда жатып, 8 күн ошол жактан чыкпай, ошо бойдон акка моюн сунуп кете берди.

Мен неге муну жаздым? Бир врач өлдү деген маалымат жер жайнап, талкуу катуу жүрүп жатат. Ошол жерде өйдө-төмөн сөздөр айтылып атканы бизди өкүндүрүүдө. Акчага кызыгып атайын жуктурду, вирус жок, башка оору менен өлсө деле коронавирус кылып коюшту, кант диабети бар турбайбы деген ойлор бар экен.

Туугандар! Мамабыздын акыркы жүзүн биз да көрбөй калдык. Моргдон түз эле көргө алып кетишти, жан азасын ошол жактан окуганына сүйүнүп отурабыз. Кесиптеши, туугандары, жакындарын эч кимисин топурак салганга уруксат бербей коюшту. Өкүрүп үн чыгара албай калдык. Мал союп кан чыгара алган жокпуз. Жаман экен. Бул киши мындай өлүмгө татыктуу эмес болчу. Силерден сураныч өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай, Жүзүмкан апамдын арбагына жаман сөз айтпагылачы.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=3548871235130273&set=a.383839008300194&type=3&theater

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: