Өткөн сутка ичинде Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустан бир бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Бул 69 жаштагы жараныбыз болчу. Өнөкөт оорулары дагы курч мүнөздө белгилерин берген экен. Биринчи оорукананын базасында кайрылып, пневмония диагнозу коюлган экен. Дарылоо процессинен жакшы жыйынтык болбогонунан, 4-майда республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында которулган. Ал жерден бардык анализдер алынып, коронавирус аныкталган. Дарылоо процессине карабастан, эски оорулары да күчөп, бейтап көз жумду” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
“Дагы бир жолу оорунун жуга турган потенциалы өтө бийик экени билинип жатат. Каза болгон адамдын кызы №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген. Ал текшерилип, анализдеринин жыйынтыктары терс чыкканына карабастан, анын атасы вирусту жуктуруп алган. Вирустун жуга турган башка жолдору бар, ал өтө жугуштуу экени дагы бир жолу тастыкталып жатат. Анткени, кандайдыр бир шарт менен вирус бул бейтапка чейин жетип, өнөкөт ооруларынын баарын козгоп, өлүмгө алып келип отурат” – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.
Кыргызстанда жалпысынан коронавирустан 11 адам каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ