– Алиярбек мырза, фракцияңардын ичиндеги ыйкы-тыйкылар эмне менен бүтчүдөй?
– Эч кандай ыйкы-тыйкылык жок. Анын баарын силер чыгарып атпайсыңарбы. Фракция лидеринин маселесин болсо фракция чогулуп, кеңешип чечет.
– Бирок, «шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» деген сөз бар эмеспи.
– Эми… Жогорку Кеңештин табияты ушундай экен. Ар кандай сөздөр боло берет. Анан такталбаган маалыматты бирдеме деп айтыш кыйын да. Ал боюнча фракция чогулушу керек. Ошол жерде, жыйында айтылышы керек.
– Лидерди алмаштыруу боюнча дегеле эч кандай сөз жок дейсизби?
– Ар кандай сөздөр бар «тиги келиптир, бул келиптир» деген. Мындай сөздөр болуп жүргөн, боло берет. Негизи аны депутаттар чечет, фракцияга чогулуп.
– Бабановдун үстүнөн кылмыш иши козголгону боюнча эмне деп айта аласыз?
– Аны козгогон адамдардан сураш керек.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ