Бир сутка ичинде коронавирустан айыккан 25 жаран ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, Бишкек шаарынан – 2, Ош шаарынан – 18. Ош облусунан – 3, Нарын облусунан – 2 адам ооруканадан чыгарылган.
Ошентип, Кыргызстан боюнча жалпысынан 600 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ