Menu

Милицияны сөккөндүгү үчүн ырчы Юлдуз Усмановага сөгүш жарыяланды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Маданият министрлиги «Инстаграмда» милиция кызматкерлерин сындаган ырчы Юлдуз Усмановага сөгүш жарыялады.

«Азыркыдай сыноо маалында Юлдуз Усманованын айткандары орунсуз. Ырчы укук коргоо кызматкерлери эки айдан бери үйүнө бара элек экенин билбейт окшойт. Алар үй-бүлөсүн көрбөй жүрсө да социалдык түйүндөрдө даттанышкан жок», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманова «Инстаграмдагы» түз эфирде милиция кызматкерлерин сындап, алар оор күндөрү элге жардам бербей жатышканын айтып: «Азыр силер күн сайын клизма жасагыдай Каримовдун тушунда жашаган жоксуңар» деген.

Эл артисти укук коргоо органдарынан кайрымдуулук үчүн чогулган жүктү түнү менен Сырдарыя облусуна чейин коштоп барууну өтүнгөн. Бирок тартип сакчылар жардамды күндүз гана жеткирүүгө мүмкүн экенин айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: