Menu

Кудрет Тайчабаров, оппозициячыл журналист: “Кубанычбек Жумалиевдин $2,5 млрд байлыгы жок, ашып кетсе $10 млн чыгат, Жапыкеев популисттенип эле калып калат”

Бөлүшүү:

2 күн өттү, жооп жок. Мен көп нерсени логика менен эле түшүнүп алам да. Эми ошо логикага таянып, Жумалиевдин 2,5 млрд доллар байлыгы жок экенин болжолдоп берейин:
– Акаев качканда Жумалиев биротоло качып кеткен жок. Анткени, качып кете турганчалык байлыгы, күнөөсү жок экенин өзү билет. Буга мисал катары Эльмурза Сатыбалдиевди айтса болот. 2010 качкан эмес, себеби күнөөсү жок эле. Болбосо жардамчысы кылган кылмышы үчүн чыныгы миллиардер Шадиев качпайт эле. Демек, ал коркконго кош көрүнөт, мени каза башташыптыр деп качкан.
– 2,5 миллиард байлыгы бар адам саясатка аралашса өзү партия түзүп же бир нече тарапташына мандат сатып алмак.
– 2,5 миллиард байлыгы бар, төрүнө караганда көрүнө аз калган адам берешенирээк болот. Анткени, эч болбосо атым калсын деп өзүн мактантканды жакшы көрөт адамдын психологиясы.
– 2,5 миллиард байлыгы болсо, биздин “прокурордун” айтуусуна ишенсек, анда Кыргызстандын карызын Акаев менен эле Жумалиев бөлүп алган болуп калат дагы. Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, деги эле аты аталып аткан башка саясатчылар такыр коррупционер болбой калбайбы (!)
– 2,5 миллиард байлыгы болгондо Бакиевдер бийликке келгенде, убактылуу өкмөт келгенде ошол мыйзамсыз байыгандарды коркутуп байлыгын тартып алганын укмакпыз.
– 2,5 миллиард байлыгы болгондо Мелис Аспеков менен Кубанычбек Жумалиев түз эфирге чыкканда Роза Аманованын “Санат” телеканалынын студиясы укмуш жасалгаланганын көрмөкпүз. Зеленый фонго эч кандай каржысы жок, бечара телеканал, студиялар тартып анан фон коюп коет. Күйөөсүнүн 2,5 миллиард байлыгы болсо, Роза Аманова кантип эле 5 миң долларга студиясын жасаттырып алмак эмес?!
– 2,5 млрд байлыгы болсо, Токтогулдун ырчыларынын шеринесинде Кубанычбек Жумалиев убакыт коротуп конок болуп отурмпк эмес. Өздөрү шерине өткөргөндө укмуш кылып столдун үстүн титиретип өткөрмөк.
– 2,5 млрд байлыгы болсо, саясий чөйрө Жумалиевдин этегине намаз окушмак кошоматтанып.
– менимче акча түрүндө эмес, имарат, актив, бизнес түрүндө ашып барса 10 миллион долларлык байлыгы болушу мүмкүн. Болбосо, “Санат” телеканалы мынчалык байкуш болмок эмес.
Ушундан улам силердин “прокуроруңар” жөн гана популистенип кала берет, Жумалиевден 2,5 миллиард таба алышпайт деп ойлойм.
Бирок, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген статья менен камаса болушу мүмкүн…
Мен Жумалиев коррупционер эмес деген жокмун, анда 2,5 миллиард доллар жок деген ойду эле айттым.
Билими туура келбесе да ар кайсы кызматка отурганды дал ушул киши баштаган.
ИМХО…

Кудрет Тайчабаров, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: