Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин 5 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Бардык учурлар бири-бирине байланыштуу. Инфекция бир кызматкерден аныкталып, жуккан. Эпидемияга каршы бардык чаралар көрүлдү. Акыркы күндөрү вирустун жаңы учурлар катталган жок” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 диагнозу менен 226 медициналык кызматкер катталган. Алардын ичинен 163 адам айыгып, №3 ҮМБнын башкы дарыгери көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ