Menu

Аудио – Абия-Бурулча Тагайбекова: “Кыргыз жигиттер, “ачка калдык, бизге ким продукты, кийим берет?” деп жата бербей иштегиле да, өзбектер тынбай эле иштеп жатышпайбы!”

Бөлүшүү:

“Жердештер, “Птичий рынокто” иштегендердин баары иштеп жатышат. Бут кийим, кийимдердин түрү, жанагы “Черкасский рынок” деле иштеп жатат: кийимдери арзан экен, мен кечээ сатып алдым, сапаты жакшы эле экен. Анан “продуктубуз жок, ачкабыз” дебей ишке чыккыла да балдар,” – деп кайрылуу жасады Россиядагы эмгек мигранты Абия-Бурулча Тагайбекова биздин ал жактагы мекендештерге кайрылып.

“Өзбекстандан келген өзбек балдар, мен жашаган үйдө жашагандары иштеп эле жатышат. Күнүнө 1,5 миң рубль алып, күндө иштеп жатышат. Бир күн да тынышкан жок. Красканы бүтүрүшүп, эми курулушка ишке кирип, эрте менен саат 9дан кечки саат 6га чейин иштеп, “1200 рублдан төлөп жатат” деп жыргап иштеп жатышат. Аракет кылгыла да эй, жата бербей: “курсагыбыз эмне болот, кийимибиз эмне болот?” деп. Бардык нерсе болот, өзүңөр аракет кылгыла. Мисалы, мен бир күн да тынганым жок. Кудайга шүгүр, ишимден деле справка берип жатышат, “халтурага” деле чыгып жатам. Силер өзүңөр да аракет кылгыла! Кызык элесиңер да: “ачкабыз, анан продукты эмне болот?” деп. Бардык магазиндер иштеп жатат, арзан, бир тапканыңарга кийим алгыла, бир тапканыңарды продуктыга жумшагыла. Аракет кылгыла, анан “бизге ким берет?” деп эле жата бербей. “Алты саныңар аман”, кудайга шүгүр дегиле, башкысы заманыбыз тынч болсун. Кыргыздарга жакшы 1 жылга патентке 3,5 миң же 4 миң рубль төлөйбүз, ал эми өзбектер патентке айына 5700 рубль төлөшөт экен. Иштеп эле жатышат, жанталашып, баары бир патентке 15-июндан кийин деле төлөйбүз да деп, азыр эле төлөп жатышат паенттерине. Жапжакшынакай эле иштеп жатышат. Эмнеге биздин кыргыз балдар “продукты эмне болот?” деп проблема кыласыңар? Иштегиле, курулуштарда укмуш эле болуп жатат го… Балдар, айланып кетейиндер, иштегиле, аракет кылгыла, эч ким “казаныңарга даяр аш салып бербейт”. “Атадан алтоо болсоң да ар жалгыздык башыңда” дегендей, эртең карантин бүтсө деле ушул күндү көрөсүңөр да. Анда көрө аракет кыла бергиле”, – деди Абия-Бурулча Тагайбекова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: