Кечээ, 8-май күнү Баткен облустук биргелешкен ооруканасына кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган 4 жабырлануучу келип түшкөн. Алардын ичинен үчөө чек ара кызматкери жана бир жергиликтүү тургун. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымы боюнча, үчөө ооруканага жаткырылган. Ал эми төртүнчүсү алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Бүгүнкү күндө ооруканада 3 адам жатат. Алар:
– 1994-жылы туулган С.у.М.дын көкүрөгүнө, курсагына жана жамбашына ок тийген. Ага операция жасалган, бирок абалы өтө оор деп бааланууда.
– 1995-жылы туулган А.у.М. дагы көкүрөгүнө ок тийген. Операция жасалган, абалы орто, туруктуу.
– 1996-жылы туулган Т.у.Ч. көкүрөгүнө ок тийген. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Анын абалы орто, туруктуу.
Бардык жабырлануучулар медициналык көзөмөлдө турат, дары-дармектер жана медициналык шаймандар, кан компоненттери жетиштүү өлчөмдө бар.
Ошондой эле, нейрохирург, торак хирургу жана реаниматологдон турган врачтар тобу Ош облустук биргелешкен ооруканасынан Баткен облустук бириккен ооруканасына келишкени айтылат.
Белгилей кетсек, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ