Бүгүн, 10-майга карата Кыргызстанда дагы 71 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 2, Ош облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда –5, Чүй облусунда – 56, алардын ичинен 55 Соль-Илецк шаарынан келгендер, Баткен облусунда – 4, Нарын облусунда –1 учур катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1002ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 144 адам;
– Ош облусунда — 178 адам;
– Ош шаарында — 113 адам;
– Бишкек шаарында— 266 адам;
– Нарын облусунда — 127 адам;
– Чүй облусунда — 86 адам;
– Баткен облусунда — 23 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 10 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ