Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өлкө Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өлкө Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине карата артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө пикир алмашуу болду.

Элдин мындан ары дагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кармануусу жана өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдардын экономикалык кесепеттерди жеңип чыгуу, илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштери күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: