Бүгүн, 10-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдети боюнча берилген суроолорго жооп берди.
Анда Үсөнбаевке, “1-майдан бери айрым ишканалар ишин жандантып, иштей башташты. Алардын ичинен санитардык-гигиеналык талаптарды бузгандар барбы?”,- деген суроо берилди.
“1-майдан тарта этап-этабы менен бир топ ишканалар ишин баштады. Атайын өкмөттүн токтому менен санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилген. Бүгүнкү күнгө карата 3 миңдей ишкана текшерилип, 2800дөй санитардык тапшырма берилди. Ал эми алардын ичинен такыр эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабагандарга айып пул салынды. Айып пулдун жалпы суммасы 170 миңге чамалады. Баардыгын катуу текшерүүгө алып жатабыз, анткени коронавирус илдети дагы деле катталып жатат”,- деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ