Бүгүн, 11-майда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов онлайн-брифингде облус аймагындагы акыркы абал тууралуу маалымат берди.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 11-майдан баштап бардык жерде өзгөчө абал алып салынып, өзгөчө кырдаал иштеп баштады. Ошол эле мезгилде өкмөт тарабынан Ат-Башы жергесинде атайын карантинди киргизүү боюнча буйрук чыгарылган. Ошондуктан бул аймакка карантин киргизилди. Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Ак-Жар жана Ат-Башы айылдарынын кире беришинде санитардык-карантиндик посттор уюшулду. Уюшулган санитардык көзөмөл постторуна Ат-Башы райондук Ички иштер бөлүмдөрүнөн, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан, Ат-Башы райондук кара тумоого каршы бөлүмүнөн, Ат-Башы, Ача-Кайыңды жана Ак-Жар айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлеринен коюлду. Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айылдарындагы азык-түлүк саткан соода түйүндөрү кечки 19:30га чейин, ал эми калктын күнүмдүк керектелүүчү товарларын, авто тетиктерди, курулуш материалдарын саткан соода жайлары 18:00гө чейин иштейт. Ошондой эле кызмат көрсөткөн чач тарач, сулуулук салон, сүрөт салон, автоунаа оңдоочу жайлары да 18:00гө чейин иштей турганы белгиленди. Ат-Башы районунун аймагында массалык иш чараларды, митинг, жыйналыштарды өткөрүүгө тыюу салынды. Мындан тышкары район аймагында мурда уюштурулган 8 обсервация калтырылды. Калк арасында санитардык-эпидемиологиялык абал жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат”,- деди Алымкулов.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ