Кыргызстандын мектептериндеги окуу жылы 30-майда аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, 5-6-7-8- жана 10-класстар үчүн быйыл көчүрүү сынактары болбойт. Ал эми 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик аттестациядан өтүү форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат.
“Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коёт” – деп айтылат маалыматта.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ