Menu

Токаев бизнести банкрот деп таанууга мораторий киргизди

Бөлүшүү:

Казакстанда ишкерлер сотко кайрылган учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими форс-мажор деп таанылат. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комиссиянын акыркы жыйынында билдирди.

«Тилекке каршы, биз да дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле ар бир бизнестин туруктуулугун камсыздап, ишканалар менен жумуш орундарын сактап кала албайбыз. Ошондуктан өзгөчө абалдын киргизилишин экономиканын көбүрөөк жабыркаган тармактары үчүн форс-мажордук шарт деп таануу маанилүү», — деди Токаев.

Мамлекет башчы азыркыдай оор шартта ишкерлерди колдоо жана коргоо зарыл экенин белгиледи. «Абийирсиз насыя берүүчүлөрдүн басымына жол бербөө максатында 1-октябрга чейин юридикалык жактар менен жеке ишкерлерди банкрот деп таанууну убактылуу токтотуу боюнча тапшырма берем», — деди президент.

Казакстанда өзгөчө абал режими 16-мартта киргизилген. 11-майда анын мөөнөтү аяктап, бир катар ишканалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди. Ошол эле маалда өлкөдө сактала турган карантин эрежелери аймактардагы кырдаалга жараша акырындык менен алына баштай турганы айтылды.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 5207 кишиге жетти. Алардын ичинен 2 миңден ашык адам айыгып чыкса, 32 бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: