Бүгүн, 14-майда Нарын облусундагы коронавирустан улам түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, медициналык адистердин тобу Нарын облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, үч акушер-гинеколог жана реаниматологдон турган ыктыярдуу врачтардын тобу 10 күндүн ичинде региондогу кесиптештерине практикалык жардам көрсөтөт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен операция жасоочу дарыгер, акушер-гинеколог Нарын облусундагы Ат-Башы районуна жөнөтүлгөн.
Ар бир медкызматкер керектүү өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздалган. Иш сапарга байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле негизги иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо менен кошумча төлөмдөр эпидемиологиялык фонддон каржыланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ